ЫМЫРКАЙ ҮЧҮН ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАМАК – ЭНЕНИН СҮТҮ

АРАЛАШМАНЫН СЫРТКЫ КӨРҮНҮШҮ ЖАНА РЕЦЕПТУРАСЫ ӨЗГӨРӨРҮ ТУУРАЛУУ МААЛЫМДАЙБЫЗ

Жаңы аралашмага өтүү схемасы

жаңы төрөлгөн ымыркайдан тартып 1 жашка чейинки балдар үчүн*
1 күн 1 күн 10–15 мл**
2 күн 2 күн 20 мл**
3 күн 3 күн 30 мл**
4 күн 4 күн 90 мл**
5 күн 5 күн 90 мл**
6 күн 6 күн 120 мл**
7 күн 7 күн 150 мл**
8 күн 8 күн 180 мл**
9 күн 9 күн 210 мл**

Бир жолку тамактандыруунун өлчөмү жана тамактандыруунун саны баланын жаш-курагына жараша болот. 

Ар бир жолу керектүү көлөмгө жеткенче, баланы эне сүтү же көнгөн аралашмасы менен кошумча тамактандырыңыз. 

* Эне сүтү жок же жетишсиз болгон учурда. ** Ар бир тамактандырууда. 

Даярдоо ыкмасы

  1. Аралашманы даярдоодон мурун колуңузду жууңуз. Бөтөлкөнү, упчуну жана капкагын аралашманын калдыгы калбагыдай кылып жакшылап жууп чыгыңыз. 

  2. Аларды 5 мүнөт бою кайнатыңыз. Колдонгонго чейин жаап коюңуз. Таза сууну 5 мүнөт кайнатып, андан кийин 40 °Cка чейин муздатыңыз. 

  3. Тамактандыруу таблицасына так карманып, кайнатылып муздатылган бөтөлкөгө керектүү өлчөмдө жылуу сууну куюңуз. 

  4. Тамактандыруу таблицасына так карманып, балаңыздын жаш-курагына ылайык, азыкты өлчөгүч кашык менен так өлчөнгөн санын кошуңуз. Идиштин ичиндеги өлчөгүч кашыкты гана колдонуңуз жана аны үйбөй текши кылып толтуруңуз. Өлчөгүч кашык кургак болсун жана колдонгондон кийин аны кайра идишке салып коюңуз. 

  5. Аралашма толук эриши үчүн, бөтөлкөнү колуңузда болжол менен 5 секунд ары-бери айландырып, андан кийин болжол менен 10 секунд өйдө-ылдый катуу чайкаңыз. 

  6. Аралашманы даярдагандан кийин азык салынган идишти бекем жаап коюңуз. Балага берерден мурун аралашманын температурасын текшериңиз. 

Эскертүү. Аралашманы ар дайым балага берердин так алдында даярдаңыз. Даярдоо боюнча көрсөтмөлөрдү так аткарыңыз. Аралашманы даярдоо үчүн таңгак менен кошо берилген өлчөгүч кашыкты гана колдонуңуз жана аны үйбөй текши кылып толтуруңуз. Таблицада көрсөтүлгөн өлчөмдөн көп же аз азык кошсоңуз, баланын суусузданышына же тамактануусунун бузулушуна себеп болушу мүмкүн. Көрсөтүлгөн өлчөмдөрдү медицина кызматкери менен кеңешпей туруп өзгөртпөңүз. Кайнатылбаган суу менен кайнатылбаган бөтөлкөлөр колдонулса, ошондой эле аралашма туура эмес сакталса, ташылса жана даярдалса, бул баланын ден соолугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Тамактандыргандан кийин калган даяр аралашманы сактап, кайра колдонууга болбойт. 

Ымыркайлар үчүн сүт аралашмаларын жана сүт суусундуктарын сактоо эрежелери

  • Колдонуп бүткөндөн кийин ымыркайлар үчүн аралашмага/сүт суусундугуна арналган өлчөгүч кашыкты дароо кайра таңгакка салып коюңуз. Кашыкты башка буюмдардын беттерине тийгизбеш керек. 

  • Ымыркайлар үчүн сүт аралашмасын жана сүт суусундуктарын башка идиштерге куюп сактоо сунушталбайт. Аларды баштапкы таңгагында сактоо керек. Таңгактын оозу бекем жабылышы үчүн, азык идиштин кырларына жабышып калбагыдай болсун. 

  • Азыкты күндүн түз нуру тийбеген, температурасы 25 °Cтан жогору эмес жана абанын салыштырмалуу нымдуулугу 75% ашпаган атайын бөлүнгөн кургак жерде таңгакта көрсөтүлгөн жарактуулук мөөнөтү бүткөнгө чейин сактаңыз. 

  • Ачылган аралашма же сүт суусундугу салынган таңгакты 3 жумадан ашык сактабаңыз. Аны муздаткычта сактоо сунушталбайт. 

  • Аралашманын/сүт суусундугунун өңү же жыты адаттагыдан айырмаланса, майда күкүм болбой калса же бөлтөк-бөлтөк кесектер байкалса, бул өнүмдү колдонбоңуз! 

МААНИЛҮҮ ЭСКЕРТҮҮ. Биз эне сүтү менен багуу ымыркай үчүн эң мыкты тамактануунун башталышы деп эсептейбиз. Биз Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун баланы жашоосунун алгачкы алты айында жалаң гана эне сүтү менен азыктандыруу боюнча сунушун толугу менен колдойбуз. Ошондой эле биз эне сүтү менен багууну эки жашка чейин улантуу менен катар ылайыктуу кошумча тамактарды киргизүүнү сунуштайбыз. Андан тышкары, биз эне сүтү менен багуу бардык ата-энелер үчүн дайыма эле мүмкүн боло бербестигин түшүнөбүз. Ошондуктан баланы кантип тамактандыруу жана кошумча тамактарды качан киргизүү керектиги жөнүндө адис менен кеңешүүнү сунуштайбыз. Эгерде сиз эне сүтү менен бакпоону чечсеңиз, мындай чечимди кийин өзгөртүү кыйын болушу мүмкүн экенин жана анын турмуштук жана каржылык кесепеттери бар экенин эске алыңыз. Баланы бөтөлкө менен жарым-жартылай тамактандырууну киргизсеңиз, эне сүтүнүн көлөмү азаят. Балдардын сүт аралашмасын баланын ден соолугуна коркунуч келтирбеш үчүн чаптамадагы көрсөтмөлөргө ылайык дайыма туура даярдап, колдонуп жана сактоо керек. 
наверх